• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокурор электр энергиясынын баасын көтөргүлө дейт (Видео)

14 Бирдин айы 2019 20:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.02.2019.Govori.TV.

Парламент  Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө Башкы прокуратуранын маалыматын укту.

Анын  маалыматына караганда  Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлктөрү изделүүдө.

Депутат  Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин белгиледи.

Ошондой эле  парламент депутаттарынын, ал кездеги төраганын жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрүп, ага эл өкүлү ошол кездеги төрага Асылбек Жээнбеков жооп кайтарды.

Асылбек Жээнбековду «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев колдоду.

Эске салсак,  Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоого макулдук берген.

Келишимге ылайык, Кытайдын Эксимбанкынан  $386 миллион кредит алынган, учурда буга байланыштуу бир топ кылмыш иштери ачылып, Жантєрє Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков баштаган бир топ чиновниктер камакта.

ЖЭБдин чуусу “чубалганда” бир аттиштин баасы 600 долларга бааланганы айтылган.

Жыйынтыгында учурда Жогорку Кеңеш актанууда. Башкы прокурор Кытайдан алынган карыз үчүн электр энергиясынын баасы кєтєрүлүшү мүмкүн деди.

Количество просмотров: 18