Башкы прокуратура учурда абакта жаткан башкы «атамекенчи» Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча арызды карап жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
“Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арыз бизге келип түшкөн. Баары кылдат каралып жатат. Жыйынтыгы боюнча маалымат берилет”,- деди Башкы прокурор.
Белгилей кетсек, ушу тапта Башкы көзөмөл органынын башчысы Өткүрбек Жамшитов парламенттин тармактын комитетинде отчет берип жатат. Ал бул кызматта 24-апрелден баштап иштей баштаган.
Эске салсак, саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча жаңы жагдайлар жаралгандыктан, ишти кайра кароо өтүнүчү менен адвокаттар Башкы прокуратурага 22-майда арыз беришкен. Мыйзамга ылайык, Башкы прокуратура ишти 10-15 күндө карап чыгышы керектиги айтылат.