• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Баштыгында бомба бар экенин айтып тамашалаган кыз 5 суткага камалды

26 Тогуздун айы 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Ташкент метросунда полиция кызматкерине баштыгында бомба бар экенин айтып тамашалаган 19 жаштагы кыз 5 суткага камалып, айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Маалыматка караганда, 22-октябрда Ички иштер министрлигине караштуу Метродогу коопсуздукту камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери 19 жаштагы Н. С. аттуу кыздын баштыгын текшерүү үчүн токтоткон. Кыз жооп катары сумкасында бомба бар экенин айткан. Кызматкер нускамага ылайык бул тууралуу дароо нөөмөт бөлүмүнө кабар берип, аймак курчоого алынган.

Кыздын баштыгынан жардыруучу зат табылган эмес. Ал Ташкенттин Шайхантахур райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Кыз эмнеге бомба бар деп айтканы тууралуу суроого «маанайы жакшы болгондуктан тамашалап койгонун» билдирген.

«Газета.uz» сайтынын маалыматына караганда, кыз «Майда бейбаштык» жана «Адистештирилген кызматтарды атайын жалган маалымат айтып чакыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал беш суткага административдик камакка алынып, 1 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Количество просмотров: 250