• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Батирден аялдын жансыз денеси табылды

31 Үчтүн айы 20229:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Айни көчөсүндө жайгашкан №31 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1956-жылы туулган Л.Т. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 70