• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткен-Фергана-Согди облустарынын башчылары жолугат

15 Чын куран 2021 9:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын чектеш облустарынын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жетекчилиги астындагы облустук делегация, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баш болгон делегация, Өзбекстандын Фергана облусуна барат.

23-апрелде Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда “Чек ара аймактарын интеграциялоо-өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы үч тараптуу бизнес-форум өтөрү күтүлүүдө. Анын алкагында өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар өтөт жана B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.

Иш-чаранын алкагында үч облустун башчыларынын да жолугушуусу каралган. Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат жана Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.

Количество просмотров: 51