• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Баткен: Көк-Терек айылында 17 үй толук өрттөлдү

30 Чын куран 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн,30-апрелде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Анын айтымында, күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.

«Ок атышуунун натыйжасында азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылды. Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13мин 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө. Көк-Терек айылында 17 үй тажиктер тарабынан толук өрттөндү. Ошондой эле Лейлек районунда Борбордук, Арка, Жаштык, Максат айылдарында дагы өрттөнгөн үйлор бар, алардын саны такталып жатат. Май куюучу бекеттердин дагы бир нечеси өрттөлгөн»,-деди ал.

Ошондой эле кечээ түнү Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөнү кошумчаланды.

«Жолугушууда Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун чек ара аймактарында 29-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 19: 30дан (Дүйшөмбү убактысы боюнча саат 18:30дан) тарта куралдуу жаңжалды токтотуу, Аскерлер жана аскердик техникалар Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун чек ара аймактарынан чыгарылышын, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүү процессин улантуу, Пландалган иш-чараларды жүзөгө ашыруу, эки элдин жана мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн мындан аркы жемиштүү сүйлөшүү процессин турукташтыруучу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынан жана аткаруу бийлик органдарынан турган биргелешкен жумушчу топ түзүү сыяктуу чечимдер кабыл алынды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышты жана жолугушуунун протоколуна кол коюшту»,-деди маалымат катчы.

 

Количество просмотров: 901