• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Баткен-Комфорт” базарынын 64% акциясы мамлекетке өттү

11 Үчтүн айы 2024 10:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өткөнүн билдирди.

Атайын кызмат 11-январда тараткан маалыматка ылайык, 2000-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Аскарбек Шадиев парламенттин Мүлк боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда жеке кызыкчылыгы үчүн борбордогу үч гектарга жакын жер тилкесин (ред: “Баткен-Комфорт” базарын) арзан алып, өзүнүн туугандарына каттатканы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө базардын ээлери “Баткен-Комфорттун” 64,38% акциясын ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкен.

9-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик негизги акционер катары базардын жетекчилигин алмаштырган. Ушул жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынан ижара үчүн ай сайын чогултулган 10 миллион сомго жакын каражат (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт. УКМК “Баткен-Комфорттун” калган акциялары 2020-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиев жана жубайы Асел Шадиеванын наамында экенин, аны да сот менен конфискациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады.

Количество просмотров: 198