Бишкек.18.11.2018.Govori.TV.
Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп каза болду. Анын жансыз денеси суу сактагычтын жанынан табылды.
Маалыматка ылайык, облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычынын аймагынан табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болду. Учурда бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда суракка алынууда. Айрым маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү Баткен шаардык мэриясынын жумушчусу экени айтылууда, жана дагы ал мурдараак Бишкекте да чоң кызматтарда эмгектенип келгени айтылган. Анарбай Мамажакыпов ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон