Баткен облусунда унаа айдап качканга шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 40 жаштагы М.К. аттуу тургуну өзүнүн “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качкандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну экендиги белгилүү болуп, издөө иши ачылган. “Авторозыск” иш-чарасынын негизинде, Кызыл-Кыя шаар аймагынан 2022-жылдын 18-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну аныкталып, кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.