• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Баткенде 10 млн сомго жаңы көпүрө курулду

15 Жетинин айы 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндө жаңы көпүрө курулду. Учурда актап-сырдоо иштери жасалууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, курулушка жалпы 10 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Анын 7 млн 500 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, 2 млн 800 миң соу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, буга чейинки аталган көпүрө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга кептелип, кооптуулук жараткан.

Акыркы келген сел суулары сайга жакын жашаган тургундардын короолоруна кирип зыянга учураткан болчу.

Количество просмотров: 59