• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Баткенде айрым медкызматкерлерге компенсация мыйзамсыз төлөнүп берилген

15 Кулжа 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан COVID-19 илдетине каршы күрөшүү багытында акча каражаттарын коротууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында маалымдалат.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругунун талаптарын одоно түрдө бузуу менен 545 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталды.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акты келтирилип, анын негизинде 545 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул багытта эффективдүү прокурордук көзөмөл жүргүзүү уланат.

Количество просмотров: 133