• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде батирден улгайган адамдын жансыз денеси табылды

10 Кулжа 202216:10 Бишкек Govori.TV

Баткенде батирден улгайган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн түшкү саат 12:31 чамасында Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн батиринин эшигин ачып берүүгө жардам сурап кайрылышкан. Жерине 6 куткаруучу тартылып, эшикти ачышкан.

Үйдүн ичинен 75 жаштагы И.А аттуу жарандын жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 270