• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чүйдө балык уулоого кеткен жарандын жансыз денеси 2 күндөн кийин табылды

26 Баш оона 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда балык уулоого кеткен жарандын жансыз денеси 2 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү саат 12:42де «Ала-Арча» суу сактагычынан изделип жаткан 51 жаштагы У.И. аттуу жарандын жансыз денеси ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылган. Каза тапкан жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 24-август күнү 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык куткаруучулары тартылып, издөө иши жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 184