• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды

27 Баш оона 2020 10:31 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-августта болжол менен саат 23:30 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду ээн жерге алып барып сабап, тапанча менен коркуткан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн. Алар мындан сырткары, 26 жаштагы башка жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутушуп,акча талап кылышкан.Ошол эле түнү унаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы жергиликтүү тургунду токтотушуп, себепсиз сабашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары 1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М. кармалган.

Шектүүлөр соттун чечими менен шектүүлөр 2 айга Кызыл-Кыя ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 186