ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы мурда жасалган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Дайынсыз жоголуу жана адам өлтүрүү менен байланышкан кылмыш мындан бир жарым жыл мурун Баткен облусунун аймагында болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 20-сентябрында милицияга Раззаков шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.Б. үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгону тууралуу маалым болгон. Туугандарынан арыз түшүп издөө иштери жүргүзүлгөн. Аялдын жоголушу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголгон.
«ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 2023-жылдын сентябрь айында өзгөчө оор кылмыш жасалгандыгы аныкталган. Ал эми кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран кармалды. Аталган жаран аял менен болгон жаңжалда денесине оор жаракат келтирген. Кийин кылмыштын изин жашыруу үчүн, өлтүргөн аялдын телефонунан смс жазып, ал чет өлкөдө жүрөм деп смс аркылуу туугандарына жооп берип турган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү өлтүргөн адамдын денеси көмүлгөн жерди көрсөтүп, окуя боюнча айтып берди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айылдын четиндеги талаада көмүлгөн адамдын сөөгү табылып, тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды», — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары кармалган жаран жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелип, ал дагы Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталды. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси «ыплас аракеттер» боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. Кармалган адам убактылуу кармоо жайына камалды. Соттун чечими менен баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалган.