Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралды этиятсыз колдонуудан улам бир чек арачы каза болуп, экинчиси жаракат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөө учурунда куралды этиятсыз колдонуунун жыйынтыгында УКМКнын Чек ара кыматынын бир аскер кызматчысы ордунда каза болуп, экинчиси жаракат алган.
«Окуя тууралуу тиешелүү органдар кабардар болушкан. Кырсык болгон жерде Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда Баткенде эки чек арачы чырдаша кетип, алардын бири шеригин атып, андан кийин өзүнө ок чыгарганы тууралуу маалыматтар тараган.