• Дүйшөмбү 15 Чын куран 2024
  • Понедельник 15 Апрель 2024

Баткенде изделип жаткан аялдын сөөгү табылды

2 Жалган куран 2024 17:42 Бишкек Govori.TV

Баткенде изделип жаткан майыптыгы бар аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы Р. кызы Н. аттуу аялды (майыптыгы бар) издөөгө бүгүн ӨКМдин Баткен райондук жана шаардык бөлүмдөрүнөн жалпы 31 куткаруучу издөө иштерине тартылып, Баткен районунун Рават, Ак-Татыр айылдарынын аралыгында, Баткен — Раззаков автоунаа жолунун эки тарабында издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Натыйжада аталган жарандын сөөгү саат 16:12де Рават айылындагы тоо боорунан табылып, жакындарына өткөрүп берилди.

Алгач жогоруда аты аталган аялдын жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Аталган жаран Баткен районунун Ак-Татыр айылына баратып, аталган айылдан ары жайгашкан Рават айылында түшүп калган. Ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери 3 күн бою жүргүзүлүп, кошумча күч катары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан.

Количество просмотров: 531