• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

27 Бештин айы 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

26-декабрда Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали жолугушту.

Тараптардын сүйлөшүүсү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук конушунда өтүп, кыргыз-тажик чек арасындагы абал, өз ара кызматташуу маселеси талкууланганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Жолугушууда 2023-жылы биргелешкен комиссиянын ишин улантуу, эки өлкөнүн жарандарынын мүлкүн кайтарууну тездетүү, чек арадагы абалды курчуткан чагымчыл аракеттерге жол бербөө аракетин көрүү чечими кабыл алынды. Ага Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери да катышты.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуя үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин күнөөлөгөн.

Количество просмотров: 73