Бүгүн, 14-июнь күнү саат 18:15тер чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары каптаган.
ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми Кадамжай районунун Чаувай айылындагы селдин кесепеттерин жоюуга Кадамжай райондук ӨКБнөн ыкчам тобу жана Үч-Коргон айыл аймагынан 1 жүктөгүч ишке тартылды.

Лейлек районунда саат 21:30дар чамасында нөшөрлүү жаандан улам Бешкент айылында 7 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, 200 метр ички чарбалык арыкты кум шагылга толтуруп салган. №108-ӨККБнөн 7 куткаруучусу жана 1 мотопомпо тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.