• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

10 Теке 202417:30 Бишкек Govori.TV

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улаам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.

Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 181