• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Баткенде УКМКнын кызматкерине пара берген жаран кармалды

11 Чын куран 202317:45 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну О.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады.

«Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 216