Баткен облусунда же титирөө катталды. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 20-ноябрда болжол менен саат 15:32де Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
«Жер титирөө Кадамжай районунун Орозбеков, Сары-Талаа, Гайрат айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок»,деп айтылат маалыматта.