• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткендеги үйлөрдү куруу: Тапшырмаларды аткарбагандарга эскертүү жана сөгүш берилди

9 Бештин айы 2022 9:55 Бишкек Govori.TV

 Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, күн мурун Тажикстан тараптан жасалган куралдуу баскынчылык актынын натыйжасында Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечеңдеп жаткандыгы айтты.

Президенттин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаковдун маалыматына ылайык, учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 273 объектиде — дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Количество просмотров: 93