• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткендеги селдин жүрушу (Видео)

14 Бугу 2018 12:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.05.2018. Govori.TV
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 16:33 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган жана 15 турак үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Акчайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген жана Караташ айылында ички чарбалык унаа көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган КР Унаа жана жол министрлигине караштуу №13 Жол тейлөө ишканасынын балансындагы ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел суулары агызган. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин №74 өрт-куткауу бөлүгүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан 6 куткаруучу, №13 ЖТИден 1 жүктөгүч жана РЭСтен 1 ыкчам топ, КР ӨКМнин 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу тартылып, Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө каптаган сууну саат 21:00дө толук тазалашты. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо иштери улантылып жатат. Ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү, сел суулары кирген турак жайлар менен социалдык обьектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.
14-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кырсык болгон аймактарга жеринен көрүү үчүн Лейлек районуна барат.

 

Количество просмотров: 50