Жалал-Абад облусунан Баткенге дээрлик 700 миң сомдук дары-дармек жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкулчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин облустук биргелешкен ооруканасынан 5 дарыгер, Сузак аймактык бейтапканасынан 4 дарыгер 2 бригада болуп, тез жардам унааларында Баткен облусуна жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.