• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенге гумжардам чогултууда шылуундар пайда болду

4 Бугу 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

 Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыйын учурдан пайдаланып шылуундар пайда болуп жатканын эскертти.

“Чогултуу иштерди “Баткенге көмөк” штабы аткарат. Бир жерге чогултуу керек экендигин айтып жаткандыгыбыздын себеби баары катталышы зарыл. Анткени, максаттуу пайдалануу жана жеткирүүнү камсыздашыбыз кажет. Экинчиден шылуундар да пайда болуп жатат. Ошондуктан баары бирдиктүү болушу керек”, — деди ал.

Ошондой эле Шамырканов Баткенде жабыркаган элге колдоо көрсөтүү максатында 900 тоннадай гуманитардык жардам чогултулганын кошумчалады.

Анын айтымында, учурда чогулган жардамдын болжолдуу салмагы 572 тонна 931 килограмм.

«Анын 515 тонна 81 килограммы жер-жерлерге жеткирилип жатат. Кампада 116,65 тонна сактоодо турат. Ошондой эле жарандар тарабынан жабыркаган аймактарга түз жеткирилген гумжардамдын болжолдуу салмагы 359 тоннага жетти. ӨКМ тарабынан жеткирүү иштерине 120 өздүк курам жана 17 бирдик техника тартылган. Кечээ, 3-майда Ысык-Көлдөн 7 фура чыгып кеткен. Учурда фуралар Таш-Көмүр шаарынан өтүп бара жатат. Ал да биздин көзөмөлдө», — дейт ал.

Эске салсак,, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 120 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара заставасы, 1 медициналык борбор, 1 тиш оңдоочу бөлүм, 2 даарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана жана 3 тойкана күйгөн жана жабыркаган.

Количество просмотров: 1278