• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Батукаевдин иши. Атамбаев акыркы сөзүн айтуудан баш тартты

23 Кулжа 2020 13:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин соттук отуруму улантылды. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.

Процесс жабык режимде өтүп жатат. Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты.

Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев акыркы сөзүн айтуудан баш тарткан. «Өз сөзүмдө тергөө жана мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевдин күнөөсүн далилдей албагынын кошумчаладым. Шамил Атаханов, Аида Салянова жана Зарылбек Рысалиевдин көрсөтмөсүн далил катары келтирип жатышат, бирок ал мен коргогон адамдын күнөөсүн далилдеген көрсөтмө эмес», — деди жактоочу.

Анын айтымында, тергөө менен келишим түзгөн бардык айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

«Алар күнөөсүн мойнуна албаса, Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген көрсөтмө беришкен жок», — деди Слесарев.

Судья Эмилбек Каипов кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Буга чейин прокурорлор А.Атамбаевди коррупция беренси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну сурашкан болчу.

Количество просмотров: 1690