Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум жабык түрдө өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурумга келүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу отурум 14-октябрга жылдырылды.
Сот залына бул иште аты аталып жаткан мурдагы прокурор Индира Жолдубаева келди. Бирок процессти чагылдырууга келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү соттун имаратына киргизилген жок.
Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып, Россияга учуп кеткен. Быйыл бул боюнча кылмыш иши кайра тергелип, сотко өткөрүлүп берилген.