• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Шаардык сот Атамбаевди үй камагына чыгарган жок

12 марта 2021 в 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тартты.

Буга чейин адвокаттар мурдагы президенттин бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылышкан.

“Ишти караган судья Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча арызды канааттандырган жок. Ал 7-апрелге чейин камакта калды”,-деп билдирди жактоочу Жоошев.

Белгилей кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти караган Биринчи май райондук соту Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узарткан.

Количество просмотров: 96