• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Батукаевдин иши: Жогорку сот Атамбаевге карата чыккан чечимди жокко чыгарды

30 Жетинин айы 2020 18:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот абактан мыйзамсыз бошотулган Азиз Батукаевдин иши боюнча негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды.

Мындай чечим бүгүн, 30-ноябрда кабыл алынып, кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эске салсак, быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Количество просмотров: 1863