• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаев Батукаевдин иши боюнча соттолду. Вирус чыккан Жогорку Кеңеш жабылышы керек

23 Кулжа 2020 17:27 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

23-июнга карата өлкөдө дагы 163 кишиден коронавирус табылды. Анын ичинен 22си медицина кызматкерлери. Бул тууралуу  саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

ВИРУС ЧЫККАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАБЫЛЫШЫ КЕРЕКПИ?

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен  COVID-19 вирусу табылды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө депутаттар менен аппарат кызматкерлери толук медициналык текшерүүдөн өтүп бүтө элек. Буга карабай, отурумдар уланабы?

ӨЛКӨГӨ КЕЛГЕН ПЦР-ТЕСТТЕР ТАЛКУУДА

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан тарта эле, ПЦР-тест системалар тууралуу маселе көп көтөрүлуп келет. Айрымдары башка өлкөлөрдөн атайы алынып келинген тесттердин сапаты төмөн болуп жатканын айтышса, айрымдар өлкөгө келген тесттер кайда кетип жатат деген суроолорду беришүүдө.

ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ 140 МИҢ АЙЫП ТӨЛӨШӨТ

Өкмөт мүчөлөрү беткасыз жүрүп санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пулду төлөштү. Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөл борборунан билдиришкендей, аралыкты сактабай жана беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү жалпы 140 миң сом төлөштү. Бардыгы болуп 28 аткаминерге айып салынды.

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕНЕМТЕСИ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЕЧИКТИ?

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мугалимдерге, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине төлөнүүчү акы жана пенсия жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, мугалимдерге эмгек өргүүнүн акысы техникалык себептен улам кечигип жатат.

БАТУКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА СОТТУН ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 23-июнда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча соттун өкүмү чыкты. Судья Эмилбек Каипов Атамбаевди Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратты.

БОЛОТ ШЕРДИН СӨӨГҮ КИЧИ МЕКЕНИНДЕ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Экс-депутат Болот Шердин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына партиялаштары, айылдаштары жана аны менен кыргыз саясатында бир убакта бирге жүргөн саясатчылар катышты. Саясатчы Өмүрбек Текебаев Болот Шердин иликтөөсү парламенттин аброюн көтөргөнүн баса белгиледи.

Количество просмотров: 434