Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 23-июнда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүм чыгарылды.
Судья Эмилбек Каипов Атамбаевди Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратты.
Азиз Батукаев «Мыйзамдагы ууру» катары таанымал. Ал 2006-жылы 3-августта Аламүдүн райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл, 8 ай, 15 күнгө эркинен ажыратылган.