• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Батукаевдин иши. Мурунку судья Эрматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты

19 Бештин айы 2019 10:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты.

Ал 2020-жылдын 20-февралына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот. Ж.Эрматов «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Буга чейин жактоочу Алия Турумбекова Жапар Эрматов мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берип жатканын билдирген.

Анын айтымына караганда, мурунку судья тергөөгө Жолдубаева Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси кызматын ээлеп турганда Батукаевде [«Мыйзамдагы ууру аталган» Азиз Батукаев 2013-жылы 9-апрелде мыйзамсыз бошотулган] ооруга байланыштуу негиз болсо, анда аны бошотуу керек делген буйрукту бергенин айтып берген.

Количество просмотров: 46