• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Базардын ээси курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн 

6 Бирдин айы 2024 13:30 Бишкек Govori.TV

«Болот» соода-базар комплексинин ээсинин курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор районундагы «Болот» соода-базар комплексинин ээси — Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутаты Б.Б.нын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү иштери учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 калибриндеги ок-дарылары жана ошондой эле «Болот» соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылып алынды.

Аны менен катар Б.Б.нын наамына берилген ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү табылып алынды. Ошондой эле ИИМде катталган 2006-жылкы «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылып алынган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын январь айында соода-базар комплекстеринде чарба жүргүзүүчү субъектилерге ылайыктуу шарттарды түзүүдө тийиштүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Болот» соода-базары комплексинин администрациясы тарабынан алдамчылык фактылары аныкталган.

Аталган Б.Б. сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге соода жайларын (40 тонналык контейнердин төрттөн бир бөлүгүн, аянты болжол менен 7,5 м²) 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган.

Муну менен катар, Б.Б. коммерциялык жайларды сатканына карабастан, карамагында бүтүндөй базардын жер тилкелери бар деген шылтоо менен контейнерлерди (соода жайларын) сатып алган ишкерлерден ушундай эле белгиленген ижара акысын өндүрүүнү уланткан.

Мындан тышкары, жеке контейнерлер кандайдыр бир себептер менен бош туруп калган учурда, ишкерлерден ижара акысын алуу улантылган. Андан соң Б.Б. ижарага карызын топтоп жатат деген шылтоо менен ишкерлерден контейнерлерди тартып алып, соодагерлер бул соода түйүндөрүндө сатып алуулар үчүн акча төлөп жаткандыгына көңүл бурбастан, өзүм билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген. Натыйжада соода жайларынын мурдагы ээлери контейнерлерден, ошондой эле компенсация катары каражат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

Ишкерлердин базар жетекчилигине сатып алуу-сатуу келишимин түзүү же инвестицияланган каражатты кайтарып берүү өтүнүчү боюнча Б.Б. коркутуу жана агрессивдүү реакция менен жооп кайтарган. Аталган соода комплекстеринде ишкерлердин нормалдуу иштеши үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес. Соода жана оюн-зоок комплексинде айрым оңдоолор ишкерлерден кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен гана жүргүзүлгөн.

Бул боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 121