• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Базарларда мыйзамсыз акча чогулткан». Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

26 Аяк оона 2023 13:18 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Дордой” соода-базары комплексинин (СБК “Дордой”) аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

«Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстан Республикасынын базарларына жүк ташуучу оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды. Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган. Мындан тышкары, Н.А.Ж.дын жашаган жеринде тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Н.А.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 563