Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан дээрлик 5 млн сомдук товар кармалды.
Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кия” өткөрмө пунктунда “А. уулу А” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген
«Транспорт каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган жалпы салмагы 12198,8 кг. болгон турмуш-тиричилик техникаларынын түрлөрү, ич кийимдер жана тамак аш продукциялары табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 4740358 сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.