• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

«Бейиш эненин таманында» тасмасынын бет ачары өттү

1 Жалган куран 202412:40 Бишкек Govori.TV

Режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында ” тасмасынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Тасмада психикалык өрчүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адил аттуу өзгөчө баланын жана анын апасынын тагдыры, экөөнүн Меккеге сапар тартып бараткандагы кызыктуу, таң калычтуу окуялары, эненин балага болгон сүйүүсү баяндалат.

Башкы ролду Кыргыз Республикасынын артисти Анара Назаркулова жана киноактер Эмил Эсеналиев аткарышкан.

Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган. Аталган тасманын бет ачары бүгүн, 1-мартта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт

Количество просмотров: 265