• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Владивостоктогу жарылуудан бир тажик жараны каза тапты

8 Жетинин айы 2023 10:32 Бишкек Govori.TV

Владивостоктун чет жакасында белгисиз заттын – болжол менен снаряддын жарылуусунан Тажикстандан келген бир мигрант каза болуп, экинчиси жаракат алды.

44 жаштагы Рахмат Тохировдун сөөгү мекенинде жерге берилсе, 44 жаштагы Алишер Азизбоев башынан, бутунан жана колунан жараат алып, Владивостоктун ооруканасына жаткырылды.


Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, окуя 3-ноябрда Владивостоктун Верещагина көчөсүндө эки тажик мигранты жалданып иштеп жаткан жеке үйлөрдүн биринде болгон.


7-ноябрда Алишер Азизбоев берген маекке караганда, окуя болгон жерден кандайдыр бир снаряд табылган.


«Мен жарылуунун үнүн угуп, эстен танып калдым. Өзүмө келгенде ооруканада экенимди, башымдан, колумдан, бутумдан жаракат алганымды билдим. Алар мага операция жасап, башымдагы темирдин майда сыныктарын алышты», — деди ал.


Дүрмөт ал жерде канча убакыттан бери жатканы белгисиз. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 266