• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бейшеналиев менен Жумабековдун талашын комиссия иликтемей болду

7 Бирдин айы 2022 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун айланасындагы талашты Министрлер тарабынан түзүлгөн комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Govori.TVга билдирди.

«Комиссия бул маселе боюнча өз ишин улантууда. Жакын арада анын жыйынтыгы белгилүү болот»,-деп билдирди ал.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри 4-февралда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жоюп, анын базасында көп тармактуу шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын түзүү боюнча буйругун чыгарды. Жетекчилигине Гулия Кожоакматова, башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөнов дайындалган. Деген менен эмгек жамаат жаңы жетекчиликти кабыл албай койгон.

Ал эми борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков министрдин чечимине нааразы болуп президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабеков бири-биринин ишмердүүлүгүн сындап, талаш токтой элек.

Количество просмотров: 1107