Жалал-Абадда бейтааныш адамды бычактап, изин жашырып жүргөн кылмышка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү «Мажурум-Тал» кафесинде болгон бейбаштыкта 43 жаштагы Ж.Г. аттуу жаранды өзүнө бейтааныш болгон жаран ашкана бычагы менен ичине сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул окуя Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облустук жана шаардык кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 27-ноябрь күнү аталган кылмышка шектүү катары Сузак районунун 42 жаштагы тургуну Э.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аталган кылмышка шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана уюшкан топтордун лидери катары эсептелчү.