• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бек Борбиев «Тик-Токту» жабуу тууралуу пикирин билдирди

2 Бирдин айы 2023 10:01 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 1-февралдагы Парламент жыйынында Тик-Токту көзөмөлгө алуу маселеси көтөрүлгөн. Коомчулукта талкуу жаратып, айрымдары жабууну сунуштасы кээ бирлери тескерисинче колдобой турганын билдиришкен. Бул тууралуу ырчы Бек Борбиев да өз пикирин социалдык баракчасына жазды.

«Тик ток бул фейсбук, инстаграмга окшогон эле приложение. Жакшы жагынан колдонуп, сабак отуп, ыр окуп, ырдап, диний сабат жоюп аткандар абдан коп. Ооба, акылдуу приложение, эмнени коп корсон, ошого окшош маалыматтар коруно баштайт. Жаман негатив коргун келсе алар дагы уламдан улам чыга баштайт. Жашоодогудай эле, эмнени издесен, ошону табасын

Андыктан кеп приложениеде эмес, биздин башыбызда

P. S. Жабабыз десенер анда жалпы интернетти жапкыла. Анткени «жаман» нерсени ар бир приложениеден тапса болот».-деп жазды.

Количество просмотров: 3106