• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Маекти маани берип окуп чыккандар аз экен». Бек Борбиев соцтармактагы сындарга жооп берди

8 Үчтүн айы 2024 11:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы, обончу Бек Борбиев социалдык тармактарда өзүнүн дарегине айтылып жаткан сындарга жооп берип, билдирүү жазды.

«Жаратман долбоорунда Райым Матраимов жөнүндө берилген суроого жообум эки күндөн бери соцтармакта талкууда. Унчукпай коеюн дедим эле, бирок кээ бир “калемгерлер” аша чаап кетиптир. Райымды досу кыйын кезде таштай качыптыр деген таризде. Баарыбызга кудай бар, Райымга эң кыйын кезде мен соцтармакта керек болсо жалгыз тургам акырына чейин. Ошондо да бүгүнкүдөй мени тытып жегендер дал көбүнесе ушул эле адамдар эле. Маекти маани берип окуп чыккандар аз экен, сүйлөмдүн башын угуп аягына чыкпай эле жыйынтык чыгарган. Аттиң, арабызда ушунчалык жапыз ой жүгүрткөн, ичи таар, көрө албастар көп экени өкүндурөт. Мен ал жоопто айтып жатам: коррупционер эмес деп какшап журүп, мойнуна алган соң соцтармактардан колдоомду токтоттум деп»,-жазган ал.

Буга чейин Борбиев «Жаратман» подкастында маек берип, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов коррупция боюнча иште күнөөсүн моюнуна алган учурдан баштап ал менен достук мамилеси токтотконун айткан.

Анын бул билдирүүсүнөн кийин интернет айдыңында бир катар сын кептер, талкуулар жаралган.

Количество просмотров: 869