• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бекешев «Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшү тууралуу маалымат берүүнү талап кылды

2 Жетинин айы 2022 11:07 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев «Азаттык Медиа» мекемесинин банктагы эсебинин сот чечими жок бөгөттөлүшү тууралуу маселе көтөрдү. Депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«Чындыгында банктагы эсептин бөгөттөлүшүнө мыйзамда үч эле негиз бар. Биринчиси — бул салыктан карызы болсо, экинчиси — арам акчаны адалдап, террорчуларга жана экстремисттерге акча которсо, үчүнчүсү — сот чечими болсо. Көпчүлүгү бул «Азаттыкка» гана тиешелүү маселе деп ойлошу мүмкүн. Бирок мыйзамдар бузулбашы керек. Бул өтө жаман көрүнүш, себеби башка тышкы инвесторлор, ички бизнесмендер дагы «бардык эле эсептерди ушинтип бөгөттөп койсо болот турбайбы» деген ойдо калат. Бул банк сектору үчүн өтө терс көрүнүш. Алмасбек Акунжанович, «Азаттыктын» банк эсеби эмне себептен бөгөттөлгөнү тууралуу так маалымат берсеңиздер. Чындыгында жаман көрүнүш болуп жатат», — деди Бекешов.

Количество просмотров: 68