• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бекешев: Декларация аркылуу мени коомчулукка жаман көрсөтүү аракетин кылышты

13 Үчтүн айы 2020 17:05 Бишкек Govori.TV

Декларация аркылуу мени коомчулукка жаман көрсөтүү аракетин кылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “КСДП” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

 Анын айтымында, буга чейин өкмөттү, бийлик өкүлдөрүн сындаган бир катар билдирүүлөрдү жасагандыгы жана коррупциялык митингдерге чыккандан улам ушундай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

https://www.youtube.com/watch?v=dblphdtMooA&feature=youtu.be&fbclid=IwAR0U6ndZH0nNgMPat5TMtghHaL_ue5y3RaCR1M3HtNQabP7DGwro-Ury7d8

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча декларациянын негизинде текшерүү баштаганын билдирген. Ал декларацияны салык кызматкерлери туура эмес толтуруп койгонун айткан. Ал эми Бекешевдин буга чейинки кайрылууларына  жооп кайтарып, депутат «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлеген адамдардын кирешеси, чыгышасы, милдеттери жана мүлкү жөнүндө» мыйзамды бузган деген билдирүү жазган.

Количество просмотров: 61