• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бекешев «Реформадан» баш тартты

18 Баш оона 202021:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Реформа” партиясынын катарында шайлоого барбай турган болду. Бул тууралуу саясатчы өзү Фейсбуктагы баракчасына видео кайрылуу аркылуу билдирди.

«Мен шайлоого катышпайм, ал эми «Реформа» жаш партияны моралдык жактан колдоп турууга даярмын. Алар жеңишке жетээрине ишенем. А мен коомдук жана саясий талаада көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, анын оң чечилүүсүнө аракет кылам. Саясаттан биротоло кеткен жокмун, мен кайра келем», — деген ал.

https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/videos/3124645187589119/

Белгилей кетсек, Дастан Бекешев алгач 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан депутат болгон. Андан кийинки чакырылышта КСДПдан депутат болуп келген.

Количество просмотров: 138