• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бекешев шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылышы мүмкүн экендигин айтты

13 Тогуздун айы 202011:47 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев фейсбук бараксчасына шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылышы мүмкүн экендигин жазды.
Анын айтымында, Жогорку Сот парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кызыктуу жана күтүүсүз чечим кабыл алышы мүмкүн.

“Айрым кесиптештеримдин айтымында, учурда бул боюнча бир нече компромисстик варианттар каралууда, бирок алар бардык мыйзамдарга каршы келет:
– шайлоону өттү деп жарыялап, андан кийин мыйзамдын арткы аракети менен шайлоо босогосун 3% га чейин төмөндөтүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алуу;
– шайлоону өттү деп табуу жана “Мекеним Кыргызстан” партиясын депутаттык мандат бөлүштүрүүдөн чыгаруу (БШК же сот аркылуу).
Сооронбай Жээнбеков интригандардын ар кандай кеңештерин кабыл албайт жана акыйкаттыкка жолтоо болбойт деп ишенем. Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз бойдон калууга тийиш, ал эми VI чакырылыштагы парламент шайлоо босогосун 3% га чейин төмөндөтүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алып, андан кийин БШК кайрадан шайлоо жарыялашы керек. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кайра шайлоо параллель жүрүшү мүмкүн ”, – деп жазды Бекешев.

https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/posts/3313247262062243
Количество просмотров: 389