• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бекешев: Журналисттик иликтөөгө маданияттуу жол менен жооп берүү керек

26 Үчтүн айы 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Журналисттердин иликтөөсүнө жооп берерде алардын жеке жашоосуна аралашпай, маданияттуу жол менен жооп берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 26-январдагы жыйынында айтты.

«Журналисттер иликтөө жасаганда ал туура эмеспи, жалган болобу ага маданияттуу жооп бериш керек. Пресс-конференция уюштурабы, пресс-релиз аркылуубу анын ар кандай жолу бар. Бирок журналисттерге басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып жарыялап… Биз ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызмат, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү ыкма менен жооп берсеңер», — деди Бекешев.

Эске салсак, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров милиция тарабынан 22-январдын кечинде кармалган. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө бошотулган.

Количество просмотров: 74