• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бекилип калган үйдөн 2 жаш бала куткарылды

14 Жалган куран 202418:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын Султанов көчөсүндө батирдин эшиги бекилип калгандыгын, үйдө 7-10 жаштагы 2 жаш бала бар экендиги тууралуу 101 байланыш кызматына маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, саат 15:40та шаардагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, аталган дарекке саат 15:43тө жетишкен.

Көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 15:58де эшикти ачып, батирдеги 2 жаш баланы аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришти.

Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 141