• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бекназаров: Биз Кыргызстанга келе жаткан саясий «сойкуларды» кабыл албайбыз

12 Чын куран 2019 12:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

Бугун, 12-апрелде жарандык активист Азимбек Бекназаров Бишкек шаарында өткөн жыйында: “Эл тосуп алыш үчүн адамдарды акчага сатып алып. Кыргызстанга келе жаткан саясий «сойкуларды» кабыл албайбыз. Муну токтотушубуз керек”,-деди.

Жыйын 2019-жылдын 27-апрелине пландаштырылган экинчи улуттук курултай боюнча өтүп жатат. Анда Кыргызстанда укуктук жана башка реформа маселелерин көтөрүүнү көздөп жатышат.

Бекназаровдун айтымында буга чейин Бабановго иш аракет болбогодугу үчүн азыркы бийликке ыраазычылыгын билдириши керек.

“Ал ушул убакытка чейин Россияда жашап, иштеп жүргөн. Бийлик тараптан ал тууралуу эч кандай иш аракет болгон эмес”,-дейт Бекназаров.

Өмурбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга учуп келет. Аны тосуп алуу үчүн тарапташтары Бишкек, Талас, Нарын, Каракол шаарларында жолугушууну белгилешкен. Бирок жергиликтүү башкаруу органдары жыйын өткөрүүгө каршы доо арыз жазышты.

Количество просмотров: 31