• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бекназаров: Кыргызстанда Элдик курултайды менчелик өткөргөн адам жок

8 Аяк оона 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-сентябрда коомдук ишмер, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, Элдик курултай чакыруу боюнча өз пикирин билдирди.

«Кыргызстанда Элдик курултайды менчелик өткөргөн адам жок. Азыркы Баш мыйзамдын 7-беренесиндеги аныктама менин жеке киргизген аныктамам. Бирок анын ашмалтайын Конституция жазгандар чыгарып койду. Курултай өткөрүү элдин укугу. Курултай бул биздин улуттук демократия. Азыркы батышчыл депутаттар «парламент турса курултайдын эмне кереги бар?» деп жатышат. Айланайын депутаттар, силер мыйзамыңарды жаза бергиле. Аны курултай силерден талашып жаткан жери жок. Курултай өкүлчүлүктүү коомдук жыйын. Президент уюштурган эмес, коомдук жыйын. Азыр мамлекет башчы«Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.  Коомдук жыйын болбой, Конституцияга каршы келип калды»,-деди Бекназаров.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 16-августта «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка ылайык, курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган, анын курамы бекитилген.

Количество просмотров: 152